Россияга каршы санкциялардан улам Казакстанда инфляция өсөт деп болжолдонууда

626

Россияга каршы киргизилген санкциялардан улам кийинки эки жылда Казакстанда инфляциянын жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу казак өкмөтүнүн 4-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Данияр Акишев билдирди.

«2019–2020-жылдары инфляция жогорулап, белгиленген чектен ашып кетиши мүмкүн. Биринчиден бул Орусияга каршы киргизилген санкциялык режимге, экинчиден улуттук валютанын алсызданышына, үчүнчүдөн мунай баасынын төмөндөшүнө жана төртүнчүдөн социалдык чыгымдар менен насыялардын өсүшүнө байланыштуу болот», — деди Данияр Акишев.

Улуттук банктын башчысынын пикиринде, өкмөт менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү антиорусиялык санкцияларга байланышы бар тармактарды аныктоо боюнча иштерди аткарышы керек. Акишев августта инфляция 0,2 пайызды түзгөнүн жана бул былтыркы ушул маалга салыштырмалуу жогорку көрсөткүч экенин билдирди.

Өз кезегинде өлкөнүн улуттук экономика министри Тимур Сулейменов теңгенин алсызданышы баалар менен тарифтерге басым жасай турганын белгиледи. «Администрациялар төртүнчү кварталда инфляциялык процесстер күчөй турганын эске алып, турукташтыруу фонддорун өз учурунда толтуруп, бааларга көзөмөл жүргүзүү менен көмүр жана дизел отунун үзгүлтүксүз жеткирүү иштерин күчөтүшү керек», — деп белгиледи министр.

Акыркы эки айдын ичинде теңге долларга карата 7,8 пайызга арзандады.