РФнын өкмөтү КРнын 240 млн доллар карызын кечүү боюнча келишимди жактырды

808

Россиянын өкмөтү Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечүү боюнча келишимди жактырды. Бул тууралуу бир катар маалымат булактары кабарлашты. Эске салсак, 2012-жылы расмий Москва менен Бишкектин ортосунда 500 миллион доллар карызды жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган.

Документте карыздын бир бөлүгүн, тактап айтканда 189 миллион долларын келишим күчүнө кирген күндөн тарта жоюу каралган. Ал эми калган бөлүгү 2016-жылдан тарта 10 жыл ичинде төлөнмөк. Бирок июнь айында президент Алмазбек Атамбаев Россияга мамлекеттик сапар менен барып, анын алкагында Владимир Путин экөөнүн ортосунда карызды кечүү боюнча келишимге кол коюлган.

Кыргызстандын парламенти болсо, ноябрь айынын башында Россияга болгон карыздын акыркы бөлүгүн жоюу боюнча токтомду ратификациялаган. Эми ал документти Россиянын Мамлекеттик Думасы карап чыгып, жактырышы күтүлүүдө.