«Риом» унаа базарындагы жаңы технологиялар (видео)

650

«Риом» автоунаа базары толугу менен автоматташтырылган системага өттү. Жакында эле кардарлардын төлөм жүргүзүүсү үчүн ыңгайлуу болгон жаңы ыкма иштей баштады. РИОМ авто базарына унааларын чыгарган адамдар жалпысынан 4 системанын кызматынан пайдалана алышат.

Комплекстин жетекчилигинин айтымында, ийгиликтүү жана натыйжалуу иштеп жаткан системалардын жардамы менен мурдагыдай кассаларда узун кезек күтүүлөр болбой, адам фактору жокко чыгарылган. Бул ачык-айкын бизнес жүргүзүүнүн дагы бир мисалы болуп калды.