Россия 1-майга чейин чет өлкөлүктөрдү өлкө аймагына кирүүгө тыюу салды

3591

Россия өкмөтү эртеңден тарта 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салды. Премьер-министр Михаил Мишустин Беларусь, Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен сүйлөшүп, жаңы киргизилчү чараларды талкуулаган.

Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу «өлкөдө коопсуздукту камсыздап, калктын саламаттыгын сактоо» үчүн көрүлүп жатканы белгиленет. Чектөө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, расмий делегациялардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдардагы транспорт кызматкерлерине каралбайт.

Буга чейин Москвада коронавирус коркунучунан улам мэр Сергей Собяниндин буйругу менен 10-апрелге чейин эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынган. Жабык жайлардагы жыйын-чогулуштарга катышкандардын саны 50 кишиден ашпоого тийиш. 21-марттан тарта бардык мектептер жабык болот. Россияда коронавирус жуктургандардын саны 93 кишиге жетти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.