Россия кайсы мигранттарга кирүүгө тыюу салды? (видео)

2115

Россияда массалык мушташка катышкан 400 мигрантка өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, эми алар аталган өлкөгө 40 жыл кире алышпайт экен. Чыгарылгандар арасында биздин мекендештер да бар экени белгилүү болду. Дегеле Россияга тыштан барып иштеп жүргөндөрдүн 25 пайыздан ашыгын кыргызстандыктар түзөт.

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте атайын иш-чара уюштурулуп, анда бул жааттагы бир топ көйгөйлөр көтөрүлдү. Алардын көпчүлүгү мигранттардын укуктарынын бузулушу эмгек келишимдеринде көрсөтүлгөн шарттардын аткарылбай жатышы.