Россия «кара тизмедеги» кыргызстандык мигранттарга мунапыс берди

1044

Москва «кара тизмеге» киргизилген кыргызстандык мигранттардын көбүнө жеңилдик берди. Эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнөн кийин Россияга кирүүгө тыюу салынган мекендештерибизге уруксат берилди.

Жаны чечимге ылайык, Россиянын аймагында эрежелерди сактабай жүргөн жарандар өлкөдөн чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирсе болот. Мындай мунапыс бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган жана миграциялык эрежелерди бузган жарандарга гана тиешелүү. Ал эми сот тарабынан Россияга кирүүгө тыюу салынгандарга жана издөөдө жүргөндөргө мындай жеңилдиктин тиешеси жок.

Кара тизмеге киргендер ноябрь айынан тарта өздөрүн Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалымат базасынан текшерсе болот. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын 70 миңдей жараны кара тизмеге киргизилген.