Россия-Казакстан чек арасынан 157 кыргызстандык жаран өтө албай турат

2701

Россиянын Оренбург аймагынан 157 кыргызстандык жаран чыга албай турат. Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка караганда, алар Сагарчин өткөрмө бекетинде топтолуп турушат.

Кыргызстандыктардын абалы элчиликтин жана Оренбургдагы консулдуктун кызматкерлеринин көзөмөлүндө экени айтылды. Аларга тамак-аш уюштурулуп берилип жатканы кабарланды.

Мекемеден белгилешкендей, кыргызстандык жарандар Россиядан унаа менен чыгып Казакстан аркылуу келүүнү көздөшкөн. Бирок коронавирус коркунучуна байланыштуу 16-марттан тарта Россия-Казакстан чек араларында унаа каттамдары токтотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.