Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду бут кийим чыгаруучу ишкананы каржылайт

1127

Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду Чүй областынын Новопавловка айылында жайгашкан бут кийим чыгаруучу ишканасын каржыламай болду. Учурда заводдо айымдар үчүн бут кийимдер чыгарылат.

Эми фонддон алынган каражатка кошумча жабдуулар сатып алынып, күч органдарындагы иштеген кызматкерлер үчүн багелеги бийик атайын берцылар жана адистештирилген кызматтык бут кийимдер даярдалат.