Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондуна жаңы төрага дайындалды

711

Өкмөттүн чечими менен Эркин Асрандиев аталган фондду жетектемей болду. Бул мекемени буга чейин Кубанычбек Кулматов башкарып келген. Ал бир ай мурда Улуттук банктын төрагасы болуп шайланган.

Россия-Кыргызстан өнүктүрүү кору эки өлкө ортосундагы келишимдин негизинде биздин мамлекет ЕАЭБге мүчө болгондон кийин, жергиликтуу ишкерлерди колдоо максатында капиталы 1 миллиард доллар менен түптөлгөн.

Бүгүнкү күнгө чейин фонд тарабынан 700гө жакын долбоор каржыланды.