Россия Кыргызстандагы аскер базасын күчтөрдүрдү

1067

Афганистан тараптан болуп жаткан коркунучка байланыштуу Россия Кыргызстандагы аскер базасын күчтөрдүрдү. Мындай билдирүүнү Россиянын тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери боюнча 3-департаментинин директору Александр Стерник жасады. Анын айтымында, «Ислам мамлекети» террордук тобу Сирия жана Иракта жеилип бараткандыктан, анын согушкерлери массалык түрдө Афганистанды көздөй ооп жатышат.

Бул көрүнүш тынчсыздандырууда, мындан улам чек аралар бекемделип, биздин өнөктөштөрдүн куралдуу күчтөрү модернизацияланып, кадрлар даярдалууда, дейт Стерник. Мисалы, Тажикстандагы Россиянын 201-аскер базасы чек аранын өзгөчө кооптуу жерлерин кайтарууга багытталса, Кыргызстандагы авиабазанын потенциалы күчөтүлгөн.

Белгилей кетчү нерсе, акыркы күндөрү Кыргызстандын аймагында эл аралык экстремизмге шектелип, шериктештик өлкөлөрүнөн келгендер байма-бай кармалууда. Алардын максаты куралдуу жихад уюштуруу жолу менен өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды бузуу экени айтылып жатат.