Россия Кыргызстандан эт алышы мүмкүн (видео)

2589

Кыргызстандан Россияга айыл чарба продукцияларын экспорттоого жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. Айыл чарба министрлигинин адистеринин айтымында, бир катар өлкөлөр Россияга санкция киргизгендиктен, бизде өндүрүлгөн эт, сүт азыктарына суроо талап жогорулады. Ошондой эле, айрым жашылчаларды ташууга киргизилген буга чейин чектөөлөр алып салынды.

Бирок помидор, калемпир өстүргөн жергиликтүү дыйкандар сырткы рынокко чыгууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок экенин айтышууда. Рубльдин арзандашынан улам, Россияда Кыргызстандан барган айыл чарба продукцияларын сатуу дагы кыйынчылыктарды жаратат деген кооптонуулар бар.