Россия кыргызстандыктардын 3,6 тонна азык-түлүктөрүн артка кайтарды

658

Россиянын айыл-чарба көзөмөл башкармалыгынын Оренбург областтык бөлүмү кыргызстандык ишкерлер ташып бараткан 1,6 тонна күрүчтү жана 2 тонна төө буурчакты фитосанитардык нормаларга жооп бербейт деген негизде артка кайтарды.

Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында кабарланды. Анда белгиленгендей, Бишкектен жөнөтүлгөн азыктар Акбулак районундагы “Сагарчин” чек ара өткөрмө бекетинде кармалып, Москва шаарына бараткан азык-түлүктөрдүн сертификаттары болбогону маалымдалды.

Россиянын Айыл чарба көзөмөл башкармалыгынын Оренбург областтык бөлүмү жыл башынан бери карантинге алынган жана фитосанитардык нормаларга жооп бербеген 365 тонна азык-түлүктү артка кайтарган.