Россия Кыргызстанга 125 даана аскердик-инженердик техника берди (видео)

902

Бул жардам Евразиялык экономикалык биримдиктин тышкы чек арасын бекемдөө максатында көрсөтүлдү. Эми ал техника Кыргызстандын Өзбекстан, Кытай жана Тажикстан менен болгон чек арасын бекемдөөгө колдонулат.

Аскердик-техникалык жардамды кабыл алууга президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал унаалардын түрлөрү менен таанышып чыгып, Россия тарапка көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.