Россия Кыргызстанга аскердик-техника жактан жардам көрсөттү

1279

15-январда Бишкекте Россиядан келген аскердик-техникалык жардамды тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Россия менен Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында техникалык жардам көрсөтүү боюнча 2015-жылы макулдашууга кол коюшкан.

2018-жылы 15-декабда чек арадагы бажы бекеттерин техникалык жактан жабдуу боюнча жардамдын биринчи партиясы жеткирилген. Ал жалпысынан 123 автомобилдик жана инженердик техникадан турат. Алардын арасында тоо шартында жүрчү 108 автоунаа, 2 автокран, 4 санитардык автоунаа, 2 жүктөөчү жана башка техника каражаттары бар.

Аскердик-техникалык жардамдын экинчи партиясы 2019-жылдын биринчи кварталында келери күтүлүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.