Россия менен Украинадан дары-дармек келбей калды (видео)

7539

Россия менен Украинанын ортосундагы кризистин айынан Кыргызстандын дары-дармек базарында да кырдаал оорлоду. Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, Украинага берилген бардык буйрутмалар жокко чыгарылган. Ал качан жандандырылат — азырынча белгисиз. Россиялык өндүрүшчүлөр дагы рублдин курсунун туруксуздугуна байланыштуу башка жакка препараттарды жана медициналык каражаттарды ташууну белгисиз мөөнөткө токтоткон.

Мындан улам, тансыктык жаралып, алардын баасы көтөрүлүп кетеби деген кооптонуулар жаралууда. Рублдин арзандашы менен Россиядан Кыргызстанга ташылып келген товарлардын наркы төмөндөй турганы күтүлгөн. Бирок ортомчулар доллардын курсунун жогорулаганын шылтоолоп, тескерисинче кымбаттатып жатат.