Россия мигранттарга жаңы тартип киргизди (видео)

1937

Россия эмгек мигранттарына киргизилген чектөөнү жаңыртты. Өкмөт тарабынан кабыл алынган токтомго ылайык, сырттан келгендердин кайсы бир жумушка орношуусу үчүн квоталар бекитилген. Ошондой эле, кайсы тармактарга иштегенге уруксат берилери жана тыюу салынары да так көрсөтүлгөн. Буга ылайык эми Россиянын аймагында чет өлкөлүктөр дарыканаларда иштей алышпайт.

Мындан тышкары, курулуш, айыл чарба, транспорт тармагында эмгектенүүгө да чектөөлөр коюлган. Ал эми коммуналдык кызмат көрсөтүү жаатында иштегиси келгендерге тоскоолдуктар жок.