Россия өлкөбүздө колдонулган вакцинанын сертификатын тааныбай жатат (видео)

1453

Кыргызстанда колдонулган 5 түрдүү вакцинанын төртөөсүн Россия тааныбай жатат. Мунун айынан ал жакка иш издеп барган мекендештерибиз жумушка орношууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышканын айтышууда.

Тактап айтканда, аталган мамлекет Спутник ВИден башка Синофрам, Казвакс, Астразенека, Файзер препараттарын сайдыргандардын эмдөө сертификаттарын жараксыз деп эсептейт. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул маселе боюнча орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок азырынча жыйынтык болбой жатканын айтышууда.