Россияда 13 кыргызстандык мигрант кулчулуктан куткарылды (видео)

776

Россиянын Рязань шаарында тигүү цехинде кулчулукта жүргөн 13 кыргызстандык куткарылды. Алар өздөрүнүн абалы тууралуу видео тартып, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө жардам сурап жөнөтүшкөн. Алар өз кезегинде бул маалымат боюнча Россиянын полициясы менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, кыргыз жарандары «Февраль» деп аталган ишканада кулчулукта жүргөнү аныкталган. Куткаруу оперциясы 15-мартта башталып, тигүү цехинде иштеген жүздөй кишинин 13ү кыргызстандыктар болуп чыккан. Аларды Бишкектен 39 жаштагы «Эркинаалы» деген адам жөнөткөнү белгилүү болгон. Өз мекендештерин кулчулукка саткан киши азырынча табыла элек. Кыргызстандын милиция кызматкерлери шектүүнү табуу үчүн ыкчам аракеттерди көрүшүүдө.