Россияда Батукаевдин эжеси Яха Батукаева суракка алынды

758

Россияда кримтөбөл Азиз Батукаевдин эжеси Яха Батукаева суракка алынды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу билдирди.

Жактоочунун айтымына караганда, Яха Батукаева тергөөдө бир тууганына Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө кандайча жардамдашкандыгын айтып берген.

Маалыматтарга караганда, ал көрсөтмө берип жатканда кыргызстандык саясатчылардын ичинен эч кимисинин мыйзамга каршы жасаган иштери боюнча айткан эмес. Ал болгону ооруп жаткан бир тууганын алып чыгып кетиш үчүн болгон күчүн жумшаганын билдирген.

Эске салсак, мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин абактан чыгып кетүүсү боюнча иш менен кармалып, УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал бул иш боюнча баштапкы соттук отурумга 3 жолу келүүдөн баш тарткандыктан, процесстерди ансыз өткөрүү чечими кабыл алынган.

Бул иш боюнча «коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө. Калган 14 айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болушкандыктан, макамдары өзгөртүлгөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.