Россияда эмгектенген мекендештерин тоногон кыргызстандыктар кармалды (видео)

616

Россияда мекендештерин опузалаган деп шектелип кармалган эки кыргызстандык эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар Россияда эмгектенген кыргызстандыктарды уурдап кетип коркутуп, акчаларын алып турушкан.

Кыргызстан менен Россиянын тиешелүү күч органдары кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүп, аларды колго түшүрүштү. Учурда аталган кылмыштуу топко тиешелүү делген башка да мүчөлөрү изделип жатканы белгилүү болду.