Россияда эреже бузган кыргызстандыктарга «миграциялык мунапыс» жарыяланды

839

Россияда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн кыргызстандыктарга 22-апрелге чейин «миграциялык мунапыс» жарыяланды. Ага ылайык, ал жакта жүргөндөр Россиянын чек арасынан чыгып, миграциялык картасын жаңыртууга мүмкүнчүлүк берилди.

Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинен кабарлашты. Мындай жеңилдик Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган Мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн башчыларынын деңгээлинде жетишилген.

«Миграциялык мунапыска» ылайык Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар 22-апрелге чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгып, кайра каалаган учурда кире алышат. Бул маалыматты Россиянын тиешелүү мекемелери да расмий тастыкташкан.

Эске салсак, былтыр Россияга кирүүгө тыюу салган «кара тизмеден» 5,5 миң чыгарылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.