Россияда иштеп жүргөн мигранттардын 70 % укуктук жардамга муктаж

821

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Россияда иштеп жүргөн мигранттардын 70 пайызы укуктук жардамга муктаж экени айтылды. Өткөн аптада бир топ эл өкүлдөрү Орусиядагы мекендештер менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп келишкен.

Анда чет жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктар пенсияга чыгуу үчүн документ топтоодо кыйынчылыкка кабылып, Кыргызстанга жөнөткөн каттарына 3 жылдап жооп ала албай жатканын айтышкан.

Ошондой эле, Россияда иштегендердин балдары Кыргызстанда паспорт алууда кыйынчылыктарга кабылып жатканы айтылды. Депутаттар мигранттардын 70 пайызы укуктук жардамга муктаж болуп, ал эми элчиликтеги консулдар жетиштүү жардам көрсөтө албай жатышканын белгилешти.

Расмий маалыматтар боюнча, Россияда Кыргызстандын 750 миң жараны иштейт, бирок такталбаган маалыматтарга ылайык ал көрсөткүч миллионго жетет.