Россияда күйүп кеткен маршруттук таксинин ичинде кыргыз-өзбек жарандары болгон

753

Россиянын Магнитогорск шаарында күйүп кеткен маршруттук таксинин ичиндеги Кыргызстан менен Өзбекстандын 3 жараны өрткө чейин эле куралдын огунан мерт болушкан. Бул тууралуу Россиянын » NEWSru» маалымат агенттиги жазып чыкты. Ага ылайык сөөктөрдү изилдеген эскперттер унаанын ичиндеги адамдар машина өрттөнүп, жарылып кеткенге чейин эле өлгөнүн билдиришкен.

Эске салсак, 1-январда Магнитогорск шаарынын Карл Маркс проспектинде «Газель» машинасы өрттөнүп, жарылып кеткен. Алгачкы версия боюнча, унаа газ ташып бара жатканда кырсыкка учураган. Бирок көп өтпөй адистер транспортто газ баллон жарылбай эле анда жардыруучу каражат болгонун билдиришкен. Ага чейин бир күн мурда 31-декабрда бул окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, 39 адам каза тапкан.

Расмий версия боюнча батирлердин биринде газ түтүгү жарылган. Бирок көп өтпөй ИГИЛ экстремисттик тобу билдирүү таратып, бул жардырууну алар өз моюнуна алышкан. Мындан кийин эле 400дөн ашуун адам ар кандай себептер менен кармалып, суракка алынганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.