Россияда курулушта иштеген кыргыз жараны каза болду

873

Россияда курулушта каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 21-декабрда Санкт-Петербург шаарында болгон.

Курулуш иштери жүрүп жаткан жерде кырсык болуп, үч жумушчу уранды астында калган. Алардын экөө ошол жерден жан берген. Мерт кеткендердин бири 28 жаштагы кыргызстандык экени аныкталды.

Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 600 миңден ашканы расмий айтылган. Алардын көбү соода-сатыкта, курулуш жана тейлөө тармагында алектенет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.