Россиядагы массалык мушташка Кыргызстандын жарандары катышкан эмес

694

Россияда кыргызстандык эмес тажик-казак мигранттарынын ортосунда мушташ чыккан. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министрлиги билдирди. Учурда бул окуянын чоо-жайын жергиликтүү укук коргоо органдары иликтеп жатышат. Бардык күнөөлүү адамдардын аты-жөнү аныкталды.

Интернетте жарыяланган видеодогу окуя 4 күн мурда Амур областындагы газды кайра иштетүүчү заводдун аймагында болгон. Алдын-ала маалыматтар боюнча, урушка катышкан мигранттар эки башка фирмада иштегендер. Амур областынын ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, жаңжалдын натыйжасында 18 жаштагы адам оор жаракат алды. Дагы бир 19 жаштагы жумушчу бөтөлкө менен ээгинен жаракат алган.

Бул окуяга байланыштуу «ден соолукка атайын оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал эми кылмышка шектүү катары заводдо иштеген 22 жаштагы кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.