Россияда кыргызстандык таксист орой мамиле кылган эки кишини сабап салды

698

Мушкер катары таанымал Алмаз Масабировдун Екатеринбургдун көчөсүндө эки киши менен мушташып жаткан видеосу тараган. Тасмада Масабиров таксист болуп иштей турганы айтылат. Ал күнү айдоочу жүргүнчүлөрүн ташып бараткан, бирок анын жолун башка айдоочу тосуп алган экен.

Мушкердин айтымында, ал жолду бошотуп берүүнү өтүнгөн. Бирок кеп сөзгө келбей орондошкон таксист чырды болтурбоо үчүн өзү спорт менен машыгарын айтып эскертүү берген.

Бирок эки киши анын унаадан чыгуусун талап кылып, маселени башка жерден чечүүнү айтышкан. Алмаз Масабиров жаакка сокку жегенден кийин, экөөнү тең сабап салган. Таяк жегендер кийин полицияга арыз жазышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.