Россияда кыргызстандык таксист пенсионерди сүзүп кетти

597

Россиянын Хабаровск шаарында кыргызстандык таксист пенсионерди сүзүп кетти.

Милициянын айтымында, 19 жаштагы кыргызстандык жигит башкарып бара жаткан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа Слава аянтынан Ленин көчөсү менен келе жатып, Лейтенант Орлов көчөсүнө карай бурулганда 78 жаштагы аял жөө жүргүнчүлөр өтө турган тилкеде бара жаткан. Ошол убакта светофордо кызыл күйүп калып, ал эми «Хонда Фиттин» айдоочусу аны байкабай калгандыктан, сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен ардагер оор жаракат алып, баш мээси жабыркаган.

Россиянын мамлекеттик автоинспекциясы 19 жаштагы жигит айдоочулук күбөлүктү быйыл алган. Бирок эң аз 3 жылдык айдоочулук тажрыйбасы жок болгондуктан, анын такси кызматында иштөөгө укугу жок болчу, деп айтылат маалыматта.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.