Россияда кыргызстандыктар бараткан кичи автобус кырсыкка кабылды

767

Россияда кыргызстандык жарандар бараткан кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Авария бүгүн эртең менен Саратов областынын Петров районунда катталган.

Маалыматтарга караганда, кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышкан. Жол кырсыгынан эки киши каза тапканы кабарланууда. Бир нече адам ар кандай жаракаттарды алган.