Россияда Кыргызстандын жарандары кооптуу шартта бараткан каттам аныкталды

710

Жол сакчылары эл аралык каттам жүргүзгөн кичи автобусту токтоткондо 7 орундуу автоунаада 26 киши баратканын көрүшкөн.

Машинанын ичи эки кабаттуу кылып жасалып, Кыргызстандык жарандар тыгылып отуруп алышкан. Кичи автобуста жүргүнчүлөрдөн тышкары чоң тандыр дагы болгон.

Автоунаанын айдоочусу кармалып, кичи автобус айып жайына токтотулду. Ал эми ичиндеги 26 киши поезд менен багыт алган аймагына жеткирилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.