Россияда мигранттарды жумушка алган ишканаларды текшерүүдөн бошотуу сунушталууда

2436

Россияда мигранттарды жумушка алган ишканаларды пландык текшерүүдөн бошотуу сунушталууда. Мындай демилге аталган өлкөнүн өкмөтүнө таандык. Дал ушундай маңыздагы мыйзам долбоору быйыл күз айларында парламенттин кароосуна жөнөтүлө турганы маалым болду.

Россия өкмөтүнүн позициясы боюнча, бул эреже кабыл алына турган болсо өлкө экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым болот. Мындай демилгени алдыңкы ишкерлердин бирикмелери дагы колдоп жатыптыр. Алардын пикиринде калктын саны азайып жаткандыгына байланыштуу чет өлкөлүк жумушчулар керек болууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.