Россияда мушташтан каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

1227

Москва аймагындагы курулуштардын бириндеги мушташтан каза болгон кыргызстандыктын сөөгү 31-июлда мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз жамааттарынын өкүлү Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” маалымдады.

«Маркум Оштун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айлынын кулуну болгон. Бул жерде ден соолугуна байланыштуу эмес, мушташтан каза болуп жаткандыктан тергөө иштери жүргүзүлдү. Уруксат кагаздарын алууга, акча жагынан жардам берип, мекенге жөнөттүк», — деди ал.

Аттокуровдун айтымында, маркум 19 жашта болгон. 30-июлда Москвада курулуш объектилеринин биринде Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, бир кыргызстандык каза болгону айтылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Тергөө комитетинин Кузьмин райондук бөлүмү кыргызстандык жарандын өлүмү боюнча териштирүү ишин жүргүзүп жатканын кабарлаган. Калайман мушташка катышкан төрт кыргызстандык, ондон ашуун өзбекстандык кармалып, суралып жатат.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, былтыр чет өлкөдө ар кандай жагдайда каза болгон 245 жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келген.