Россияда оор жүк ташыган 2 унаа кагышып, кыргызстандык жигит каза болду

654

Бул тууралуу Уссурийск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бакыт Садиров билдирди. Алынган маалыматтар боюнча, Россиянын Находка шаарындагы жол кырсыгынын кесепетинен 27 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгон.

Кыргызстандык айдоочу жүк ташыган унаасы менен жол жээгинде токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзүп, анын кесепетинен ошол жерде көз жумган. Маркум Ош областынын Өзгөн районунун тургуну, 1 кыздын атасы болчу. Ал 8 жылдан бери Уссурийск шаарында жашап жүргөн.

Учурда анын сөөгүн мекенине узатууга даярдык көрүлүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.