Россияда өз мекендешинен кордук көргөн мигранттар (видео)

617

Москвада кыргызстандык мекендештерин тоноп жүргөн деп шектелгендер бошотулду. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, алардын акча опузалап жүргөнү далилденип, кармоо учурунда документтер, белги коюлган акчалар алынганына карабай шектүүлөр эркиндикке чыгып кетишти. Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча, кармалгандар мыйзамдагы уурунун атынан такси кызматында иштеген мигранттардан ири суммадагы акча өндүрүп турушкан.

Бирок кылмышка шектүүлөрдүн адвокатынын айтымында, кылмыш далилденбегенине карабай, алардын аты-жөнүн жана сүрөттөрүн коомчулукка жарыялоо туура эмес. Белгилей кетсек, тергөөнү Москванын Нагорный райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүп жатат. Атайын операция учурунда табылган документтердин ээлери учурда изделүүдө. Ал эми кылмышка шектелип кармалгандар жабырлануучу тарап карыз акчасын бергиси келбей, аларга каршы арыз жазып жатканын «Азаттыктын» кабарчысына айтышкан.