Россияда ташталган бөбөктөр мекенине алынып келди (видео)

601

Ара жолдо ташталган наристелер. Москва шаарынын медициналык мекемелеринен, ата-энелери таштап кеткен кыргызстандык бөбөктөр мекенине алынып келди. Алардын улуусу 1,5 жашта болсо, кичүүсү төрт айлык.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, балдарды алып келүү Россия менен Кыргызстандын тиешелүү мекемелеринин жардамы менен уюштурулган. Учурда наристелердин ата-энелерин же жакын туугандарын издөө иштери башталды.