Россияда заводдон өрт чыгып, 4 кыргыз жараны жабыркады

693

Россиянын Владимир облусунун Гороховец шаарындагы айнек таңгактарды иштетүүчү «Русджам» заводунда өрт чыгып, 4 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди. Маалыматты ТАСС басылмасы облустук оорукананын башчысына таяп жазды.

Региондун администрациясынын басма сөз кызматы ар кандай күйүк жаракаттарды алып ооруканага түшкөн 4 адам тең кыргыз жарандары экенин билдирген. Заводдо иштеген дагы 5 адамдын Россияда мыйзамдуу жүргөнү текшерилмекчи, азырынча ал белгисиз.

Жалпы жонунан 7 адам жабыркаган өрт кырсыгы 5-март күнү кечинде орун алган. Өрт өчүрүү кызматы келгенче 4 чарчы метр аймакты өчүрүүгө жетишкен. Кырсык заводдун курулуш иштери жүрүп жаткан акймактан чыккан. Өрттүн келип чыгуу себеби катары тергөө тобу лактоочу материалдардын күйүшүн эсептөөдө.

Жабыркаган кыргыз жарандарынын экөөсүнүн абалы оор, аларды Төмөнкү Новгород шаарындагы ооруканага жиберишкен. Ал эми экөө Гороховец шаарындагы ооруканада. Жабыркаган дагы башка 3 адам Россиянын жарандары.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.