Россияда жарандыгынан ажыраган кыргыздар (видео)

734

Россиядагы айрым кыргызстандыктардын алган жарандыгы мыйзамсыз деп табылууда. Мындай кырдаалга туш болгондор ал жакта мыйзамдуу иштей албай, кыйынчылыкка кабылып жатышыптыр. Андыктан алар документин калыбына келтирүү үчүн эми соттошууга аргасыз. Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, 2003-жылдан тартып биздин мекендештер орус жарандыгын жеңилдетилген жол менен алышкан. Ошол учурда жарандыкка ээ болгон көпчүлүк мекендештерибиздин документтери текшере келгенде мыйзамсыз деп табылып жатыптыр. Себеби андагы айрым маалыматтар чындыкка дал келбей калган. Эми алар документти алууга көмөктөшкөн ортомчу фирмалар менен соттошууга аргасыз.