Россиядагы 40 компанияда жумушчулар тартыш болууда (видео)

1568

Пандемияда мигранттардын массалык түрдө мекенине кайтканына байланыштуу Кыргызстанда жумушсуздардын саны кескин өстү. Мурда бир бош орунга 3-4 кандидат болсо, азыр 15 кишиден ашкан. Мигранттар күнүнө карата бул жаатта жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

Жазында эмгек мигранттар мекенине кетип калганына байланыштуу учурда Россиядагы 40 компанияда жумушчулар тартыш болуп, айрымдарында иш үзгүлтүккө учурай баштаган.

Ошол эле убакта сырттан Кыргызстанга акча которуу дагы кескин азайып кеткен. Ал эми мигранттардын кайрадан ишине баруусуна коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр тоскоолдук жаратып жатат.