Россиядагы акча которууга киргизилген чектөөлөр мигранттарга тиешеси жок

1778

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, акча которууларга карата киргизилген чектөөлөр эмгек мигранттарына тиешелүү эместигин жарыялады. Анда 100 миң рублга чейинки сумманы банктан эсеп ачпай туруп которууну чектөө чечими көмүскө каражаттарды айлантууга бөгөт коеру белгиленет.

«Россиядагы эмгек мигранты чет жакка айына орточо 500 доллар же тактап айтканда 32 миң рубль тегерегинде гана которот. Андыктан киргизилген лимит Россиянын аймагында иштеген Кыргызстандын жарандарына ыңгайсыздык жаратпашы керек”,- деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 16-апрелден тарта Россия бир катар өлкөлөргө которулуп жаткан акчанын көлөмүнө чектөө киргизген. Ага ылайык Казакстанга 150 миң рублдан ашык каражат жөнөтүү мүмкүн болбой калса, Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга киргизилген чектөө 100 миң рублду түзөт.

Россиянын Улуттук банкы мындай чечимди көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети менен түшүндүрүп, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөштүн ыкмасы катары сыпаттайт. Былтыр Россиядан Өзбекстанга которулган каражаттын көлөмү 14 миллиард долларды түзсө, Кыргызстанга 1 миллиард 300 миллион которулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.