Россиядагы эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү чечилет (видео)

722

Кыргызстандын 700 миңден ашуун жараны башка мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт. Мындай маалыматтар «эл аралык мигранттар» күнүнө карата уюштурулган иш-чарада белгилүү болду. Адистердин айтымында бул расмий гана маалыматтар. Чынында тышта жүргөн мекендештерибиздин саны кыйла жогору.

Белгилей кетсек, Бириккен Улуттар Уюмунун эмгек мигранттарынын укугун коргоо конвенциясынын негизинде 18 жылдан бери «эл аралык мигранттар» күнү белгиленип келет. Жылына 18-декабрда мигранттардын укуктары боюнча маалыматтар жайылтылып, ар кандай акциялар жана семинарларды өткөрүү салтка айланган.