Россиядагы мигранттар кызамыкка каршы эмделүүдө

716

Россияда мигранттарды кызылча илдетине каршы эмдөө башталды. Ага ылайык, өлкөнүн аймагында иштеп жүргөн бардык чет өлкөлүктөр, быйылкы жылдын апрель айынан тарта 1-октябрга чейин аталган илдетке каршы вакцина алышы керек.

Бул жаатта Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы атайын токтом чыгарган. Ага ылайык, Россияда чет элдик жарандар менен иштешкен бардык жумуш берүүчүлөр тиешелүү расмий органдарга жардам бериши зарыл.

Белгилей кетсек, кызылча илдети вирусту козгоочу жугуштуу оору болуп, аба аркылуу башка адамга жугат. Буга чейин Россиянын Екатеринбург шаарында кызылча илдети күчөгөнү байкалып, жергиликтүү бийлик мигранттарга массалык түрдө эмдөө жасаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.