Россиядагы мигранттарды кыйнаган медициналык кароо (видео)

3338

Россияда иштеп жүргөн чет элдик жарандарды медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам кыргызстандык мигранттарды кыйнап жатат. Бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бир катар депутаттар көтөрүп чыгышып, өнөктөш өлкөнүн кадамын сынга алышты.

Учурда миңден ашуун мекендешибиз медициналык кароодон өтүү үчүн кезекте турганын, анын баасы 6 миң рублдан ашарын, бул кыргызстандык жарандардын чөнтөгүн жукартып жатканын айтышты. Эл өкүлдөрү Кыргызстан менен Россия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр экенин эске салышып, расмий Москва экономикалык уюмдун келишимдерин бузуп жатат деп эсептешет.