Россиядагы шоуда эсепти заматта чыгарган Арсен көрүүчүлөрдү таң калтырды

1033

Математиканы мыкты өздөштүргөн 12 жаштагы Арсен Рахымбеков Россия-1 телеканалындагы «Удивительные люди» деген шоуга катышып, өзүнүн таланты менен көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Кыргызстандык тестиер 4, 5 орундуу сандарды көбөйтүп жана башка татаал эсептерди заматта чыгарып коюп жатты. Аны менен жарышуу үчүн Россиянын жогорку окуу жайларынын биринде физика, математика жаатында билим алып жаткан 3-курстун студенттери чакырылган.

Бирок Арсен эсепти чоңдордон биринчи чыгарып, жада калса студенттер тапшырманы көчүрүп жаза электе жыйынтыгын айта салып жатты. Калыстар баш болуп залдагы отурган көрүүчүлөр таң калганын жашырган жок.

Арсен Рахымбеков буга чейин дүйнөлүк олимпиадага катышканын, ал эми жакында эле Ысык-Көлдө өткөн сынакта биринчи орунду ээлегенин билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.