Россиядан алынып келинген ымыркайлар Бишкектеги балдар үйүнө жайгаштырылды

873

Россиянын Новосибирск шаарында кароосуз калган ымыркай балдар өткөн жумада Кыргызстанга жеткирилди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлагандай, өз ата-энелери таштап кеткен наристелер болгону 6-7 айлык. Алар Бишкектеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

Учурда бул ымыркайларды өз энелерине же туугандарына берүү аракеттери көрүлүп жатат. Муну менен жыл башынан бери Россияда кароосуз калган 10 наристе бөбөк Кыргызстанга кайтарылды. Азырынча алардын бирөөнүн гана энесинин туугандары табылып, ымыркайды багып алганы белгилүү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.