Россиядан коронавирусту тез арада аныктоочу реагенттер алып келинди

881

Россиядан Кыргызстанга коронавирусту тез арада аныктоочу реагенттер алып келинди. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал каражаттар 500 жолу вирусту аныктоого жетет. Ошондой эле, өлкөгө бул медициналык каражатка тартыштык жок экени жана учурда Кытайдан келген бардык жарандар текшерүүдөн өтүп жатканы кабарланды.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар каттала элек. Ал арада Кытайда акыркы суткада эле жаңы типтеги вирустан 64 адам көз жумуп, каза тапкандардын жалпы саны 492 адамга жетти. Ал эми илдетти жугузуп алгандардын саны 25 миңге чукулдады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.