Россиядан Кыргызстанга мигранттар 150 миң рублга чейин которо алышат

7492

Россиядан Кыргызстанга акча которууга коюлган чектөө өзгөрдү. Эми аталган өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар 150 миң рублга чейин которо алышат. Буга чейин Россия Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга акча которуу боюнча чектөө киргизип, анын көлөмү 100 миң рублду гана түзгөн.

Белгилей кетсек, акча которуудагы чектөөгө байланышкан маселе ушул жылдын октябрь айынын аягында өкмөттүн демилгеси менен Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлери тарабынан талкууланган.

Натыйжада «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражатын трансчекаралык которуусунун шарты өзгөрдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублду түздү.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.