Россияга 20 мигрантты жашыруун киргизүүгө аракет кылган КР жараны кармалды

743

Россияга 20 мигрантты жашыруун киргизүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Ал жети кишилик автоунаасынын ичин эки кабат кылып жасап, ал жакка 20 адамды батырып алган.

Фургонду автоинспекторлор Южноуральск — Магнитогорск жолунда токтотушкан. Аны Кыргызстандын 47 жаштагы тургуну башкарып бараткан. Ал эми ичиндеги мигранттар жердештери экенин айтып, акчасы жок болгондуктан, ушундай жол менен жеткирүүгө туура келгенин билдирген.

Айдоочуга карата жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузганы үчүн протокол түзүлгөн. Ал эми кармалгандарга карата кандай чара көрүлөт азырынча белгисиз. 20 кишинин экөө Россиянын аймагына мыйзамсыз киргени аныкталган.