Россияга кете албай жаткан кыргызстандыктар кайрылуу жасашты (видео)

3891

Россияга кете албай жаткан кыргызстандык студенттер атайын каттам уюштуруп берүүнү суранышууда. 1000ден ашуун улан-кыз президентке, Тышкы иштер жана билим берүү министрликтерине кайрылуу жолдошту.

Алар санитардык талаптарды так аткарууга, эки жума обочолонуу режимин карманууга жана ПЦР-тестин 2 жолу өтүүгө даяр экенин билдиришкен. Айтымдарында, Россиядагы университеттер кадимки режимде иштеп жатышат. Мындан улам, окуудан артта калып жатабыз, деп студенттер тынчсызданышууда.