Россияга жүргүнчү ташыган поезддер качан жүрө баштайт? (видео)

3963

Кыргызстан темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Буга чейин Казакстан 21-февралдан тарта өз аймагы аркылуу өтүүгө макулдугун берген. 3 тараптуу макулдашуу аягына чыкса, поезд каттамынын билеттери арзандап, жүргүнчүлөр үчүн ары-бери каттоонун дагы бир алтернативдүү багыты пайда болот.

Ал арада пандемия башталгандан бери эл аралык темир жол каттамдарында жүргүнчүлөрдү тейлеп иштеген «Кыргыз темир жолу» мекемесинин 400гө жакын кызматкери үйдө отурууга аргасыз. Каттамдар жанданса бул жумушчулардын баары кайра ишке чыгабыз деп күтүп отурушат.