Россиянын ФКК Кыргызстандын бажысын текшереби? (видео)

666

Кыргызстандагы бажы тармагын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Демилге парламенттин тармактык комитетинде көтөрүлүп, эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты. Буга акыркы убакта Кыргызстандын чек арасы аркылуу контрабандалык товар өтүп жатат деген айыптоолор себеп болууда.

Алсак, жакында эле «Интерфакс» агенттиги өзүнүн булактарына таянып, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан жана Казакстандан аткезчилик менен кирген товарларды өзгөчө текшерүү тапшырмасын бергенин жазган.