«Рус Гидро» компаниясы Кыргызстан менен соттошууга даярданууда

65874

Ишкананын жетекчисинин билдирүүсүндө, учурда эл аралык арбитраж боюнча консультант изделип жатат. Россиялык компания Жогорку Нарын каскадын курууга кеткен каражатты кайтарып берүүнү талап кылууда. Алардын эсеби боюнча 36 миллион доллар сарпталган.

Эскерте кетсек, долбоорду каржылоо токтоп калганына байланыштуу 2016-жылы Кыргызстан келишимден бир тараптуу чыккан. Ал эми быйыл жайында өкмөт ГЭСтерди куруу боюнча чехиялык Лигласс компаниясы менен келишим түзгөн.

Бул инвесторлор «Русгидро» талап кылган каражатты жабууну да убадалаган. Аларга август айынын аягына чейин убакыт берилген. Чехиялык компания бүгүнкү күнгө карата канча каражат которгону тууралуу азырынча маалымат жок.